Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Үмүтсүздүккө түшүп калган мамлекеттик кызматкерлер көп

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2020 | 1675 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында кайдыгерлер көп. Мындай пикирин экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров “Маралга” берген маегинде айтты. Ал кызматкерлердин көбү үмүтсүздүккө түшүп калганын, бул чоң көйгөй экенин белгиледи.

-Алардын 60-70 пайызы үмүтсүздүккө түшүп, өзгөрүүгө, жаңыланууга кызыгуусу жок болуп калган. Арасында адискөй адамдар да бар. Бул – чоң оору. Мындай абалда аларды ойготуу керек, же жаңылоо шарт. 10-20 пайызы кызыгып, аракет кылып жатышат. Бирок аларды жетектеп, жол көрсөткөн, потенциалын ишке ашырган жетекчи керек.   

Эльдар Абакиров жакында эле бир министрдин орун басарлык кызматына чакыруу болгонун, партия иштерине байланыштуу ал сунуштан баш тартканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM