Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоо боюнча 7 миңден ашык арыз түштү

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 426 | 0

28-февралга карата “Мектепке электрондук каттоо системасы” аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 7178ге жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ишке ашып жатат.

Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер, http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.

Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат. Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу. Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM