Экономика министрлиги өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2020-жылга пландар тууралуу маалымат берди. Мекеменин төрагасы Эркин Муканбетов билдиргендей, былтыр экономикадагы өсүш 4,5 % түзгөн. Бирок тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,6% азайган. Ошондой эле, 2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 ипотекалык насыя берилген. Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6% түзөт. Эксперттердин маалыматы боюнча, ишкерлер «катып жүргөн» каражат 1,5 млрд долларды түзөт. Калк экономикадагы өсүштү сезе алдыбы? Шаар тургундарын кепке тартып, серепчилердин пикирин билип көрдүк.
2019-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 590 млрд сомду түзүп, өсүш 4,5% түздү. «Кумтөр» ишканаларын эске албаганда, өсүш 3,8% түзгөн. Бирок Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайып кеткен. Бул тууралуу экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.
— 2019-жылы товар алмашуунун көлөмү 6,9 млрд долларды түздү. Ага кыргыз-казак чек арасынын жабылуусу негизги себеп болду. Ошол эле учурда экспорт 7% өссө (экспорт – 2 млрд доллар ), импорт 7,3% кыскарган (импорт – 4,9 млрд доллар).
Маалыматка ылайык, өткөн жылы экономиканын бардык багыттарында өсүш байкалган. Мисалга алсак, курулуш тармагы – 10,6%, өнөр жай – 6,9%, кызмат көрсөтүү – 2,9%, айыл чарбасы – 2,6% түзгөн. Ал эми мамлекеттик ипотека программасы боюнча жалпы көлөмү 6 млрд сомдук насыя берилип, 3 жарым миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
Экономикадагы илгерилөөлөр карапайым калктын жашоосуна таасирин тийгиздиби деген суроо менен шаар тургундарынын айрымдарынын оюн билип көрдүк.
— Экономика өнүктү деп ойлобойм. Эл кыйналып эле жашап жатат.
— Мен өсүштү байкаган жокмун. Тескерисинче, ылдыйлап баратат. Министрлик элди алдап жатат.
— Баары эле акча жеп жатат. Өсүш жок.
— Такыр эле өзгөрүү болгон жок. Жанагы эле кейпибизде жүрөбүз.
— Министрлик «иштеп жатабыз» деген ойду бергиси келген го, эч кандай өзгөрүү жок.
Министрлик 2020-жылы экономикадагы өсүштү 5% жогорулатууну пландап жатат. Санжар Мукамбетов көздөлгөн планга жетүү үчүн бир топ ири долбоорлор старт аларын белгиледи.
— Экономиканын өсүшүнө шарт түзүү үчүн энергетика тармагын өнүктүрүү зарыл. Быйыл Камбар-Ата 1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдүн активдүү фазасын баштасакпы деп турабыз. Мындан сырткары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр да быйыл активдүү фазага өтүп, финансылык моделдери түзүлүшү керек болуп жатат. Ишкерлер тарабынан көп преференция кабыл алынды. Мунун баары өсүүгө шарт түзөт деп ойлойбуз.
Бирок министр учурда дүйнөгө тарап жаткан коронавирустан улам кыргыз-кытай чек арасы ачылбай калса, ай сайын экономика 0.2 пайызга артка кетерин кошумчалады.
— Короновирустан улам жаралган көрүнүш жыл соңуна чейин уланып кетсе, экономикага таасири 2,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Кошуна мамлекеттерде коронавирус катталса, чек араларды жабабыз. Эгерде аталган вирус кандайдыр бир себептер менен Кыргызстандан да чыгып калса, коңшу мамлекеттер чек араларын жабышы ыктымал. Ал эми Улуттук банктын 5-6 айлык керектөөлөрдү жаба турган резервдери бар. Мунун баары бизде каралууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6% түзөт. Эксперттердин маалыматы боюнча, ишкерлер 1,5 млрд долларга чукул каражатты «катып жүрөт». Өкмөт ал каражаттардын улуттук экономикага иштеши үчүн капиталды мыйзамдаштыруу, же башкача айтканда, мунапыс берүүнү демилгелеген. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Ал мыйзам долбоору өтүп калса, капиталды мыйзамдаштыруунун жүрүшүндө ал каражат кайсы жактан келгенин эч ким иликтебейт, эч ким жазага тартылбайт.
Бирок экономист Төлөн Абдыров министрликтин бул саясатынан көп майнап чыкпай турганын айтат. Анын пикиринде, экономикада 4-5% бул салттуу өсүү болуп саналат. Кызматкерлер болбогон күндө да мындай илгерилөө орун алат. Министрлик кызматкерлердин ою жүгүртүүсүн өзгөртүп, менчикти коргоо, соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү сыяктуу калыптанып калган системалуу көйгөйлөрдү чечиши зарыл.
— Биринчиден, ачыкка чыгууну каалаган көп. Бирок ачыкка чыгышса, бизнесин тартып алат, уюшкан кылмыштуу топтор дагы бир нерсе кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан айрым ишкерлер сыр билгизбей иштей беришет. Экинчиден, 2021-2022-жылдары 400-500 млн долларга чейин тышкы карыздарды төлөйбүз. Мындан улам экономиканы сөзсүз түрдө өстүрбөсөк, эртең кыйналып, мамлекет катары банкрот болуп калабыз. Аны өстүрүү үчүн бизнес чөйрөсүнө шарт түзүп, бюрократияны жоюп, мамлекеттик кызматкерлердин ой жүгүртүүсүн алмаштыруу зарыл.
Былтыр ишкер субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторийдин жыйынтыгында 2019-жылы бизнес субъектилерин текшерүү 8 эсе азайган. Ал эми 2018-жылга салыштырмалуу сырттан келген түз инвестициялардын көлөмү 67% өсүп, 576 млн 800 миң сомду түзгөн. Быйыл да ишкердикти колдоо максатында өлкө аймактарында бизнес борбор ачылып, ар бир облус кеминде бирден долбоорду ишке ашырууга милдеттендирилгени кабарланды.
Бирок Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев ошол эле учурда өлкөдөн 513 млн доллар капитал сыртка чыгып кеткенин эске салды. Ал Кыргызстанга Кудайдан жөө качкан инвесторлор келип жатканына белгилеп, ага өлкөдө тартиптин жоктугу себеп экенин билдирди.
-Бизде бирөө салык төлөсө, экинчиси төлөбөйт. Мыйзамдар тандалма иштейт. Биз өзүбүздүн өнүгүү моделибизди аныкташыбыз керек. Капиталды коргоого багытталган кепилдиктер болсо, жакшы болмок. Мыйзам үстөмдүк кылып, фискалдык адилеттүүлүк болуп, баары тегиз салык төлөсө, Кыргызстанга сапаттуу инвесторлор келмек. Ишкерлер банктан насыя аларда салыктарды төлөгөндүгү боюнча акыркы 3 жылдагы маалымкаттары талап кылынса, ишкерлердин бизнестеги жүзү айкын болмок. Бул багытта банктар Салык кызматы менен бирге иштешсе эффективдүү натыйжалар күтүлөт эле.
Кошумчалай кетсек, быйыл өкмөт тарабынан экономиканы өнүктүрүүгө 227 иш-чара каралган.