Биз менен байланышыңыз

Орто-Токой суу сактагычынан Казакстанга суу сатылабы?

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 1154 | 0

Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суунун 42 пайызы сатылып кетүүдө. Бул тууралуу депутат Мыктыбек Абдылдаев бүгүн Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Орто-Токой суу сактагычынан 29 пайыз суу берилиши керек болсо, биз Чүй дарыясынан 42 пайыз берип жатабыз. Парадокс болуп калып жатат. Бул маселени такташ керек. Суу да жер кодекси боюнча товар катары саналат. Баарын эсептеш керек, — деди Мыктыбек Абдылдаев.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Абдибай Жайлообаев «Орто-Токой» суу сактагычында жыл сайын 140 млн куб суу топтоло турганын, аны менен 148 миң жерди сугарса болорун, анын ичинде Казакстандын да үлүшү бар экенин, Кыргызстан азыр анын 22 пайызын гана колдонуп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM