Биз менен байланышыңыз

УКМК: Каракол шаардык кеңешинин депутатынын бир канча мыйзам бузган фактысы аныкталды  

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 330 | 0

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.га карата сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу» жана «Бийликтен аша чабуу» беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында, негизги уюштуруучулардын бири болгон Ч.Т. жеке менчик компаниялар тарабынан ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качкан факты аныкталды. Салык кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында өзгөчө ири өлчөмдө салыкты жашыргандыгы такталды.

Ошондой эле, УКМК органына А.А. аттуу жаран Ч.Т. нын үстүнөн «денесине оор жаракат келтирилгени жана ага карата чара көрүү боюнча» арыз менен кайрылган.

Ч.Т. карата тергелген сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тактап айтканда, 2016-жылдын февраль айында Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы тургуну  Ч.Т. 2010-жылы Каракол шаарынын калкты күбөлөндүрүү жана каттоо департаменти тарабынан берилген өздүк паспортунун көчүрмөсүн, жана ошондой эле зарыл болгон документтерди Каракол шаарынын аймактык шайлоо коммиссиясына «КСДП» саясий партиясынын атынан Каракол шаардык кеңешине депутат катары каттаган.

Бирок 2012-жылдын ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылдык кеңешинин депутаты катары көрсөтүлгөн өздүк документтерди алмаштырып, 2016-жылдын февраль айына чейин Ч.Т. колдонуп келген.

Ошентип Ч.Т. Каракол шаардык аймактык коммиссиясына жараксыз паспортун регистрациядан өткөрүп, шайлоо мыйзамдарын бузуп Каракол шаардык кеңешинен мыйзамсыз депутаттык мандат алган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иштери мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM