Биз менен байланышыңыз

345 авто май куюучу жайда автоматташтырылган система орнотулду

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 360 | 0

Ушул жылдын 26-февралына карата 345 авто май куюучу жайда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анын ичинен автоматташтырылган система Бишкекте – 82, Ош шаарында – 11, Чүйдө – 86, Таласта – 10, Ысык-Көл – 39, Нарын – 13, Ош – 28, Жалал-Абад – 66, Баткен облустарында – 10 АМСке орнотулган.

Азыркы учурда ведомстволор аралык комиссия бул май куюучу станциялардын автомай куюучу станцияны башкаруу системасынын техникалык талаптарына ылайыктуулугуна функционалдык жактан салыштырып текшерүү жүргүзүүдө.

Республика боюнча бардыгы болуп 974 май куюучу станция бар, алардын 936сы иштеп жаткандар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тартып бардык май куюучу станцияларда башкаруунун автоматташтырылган системасы колдонулмакчы.

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM