Биз менен байланышыңыз

Сирияга кеткендердин туугандары бийликке кайрылды

Коом , Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 866 | 0

Сирияга кеткен жарандардын туугандары кыз-келиндерди жана жаш балдарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча бийликке кайрылуу жасады. «Элет көйгөйү» коомдук бирикмеси берген маалыматка таянсак, учурда Сириянын лагерлеринде 140ка жакын аял, 400дөй жаш бала бар. Алар туугандары менен байланышып, шарттар оор экенин айтышып, Кыргызстандан алып кетүүсүн суранып жатышат. Бирок серепчилер, өкмөт Сириядагы кыргызстандыктарды кайтаруу багытында жарытарлык аракет кылбай, иштерден эч кандай майнап чыкпай жатканын белгилейт.


Сирияга кеткендердин туугандары бийликке кайрылып, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча жардам сурашты. Алсак, Чолпон Абдылдаеванын эки кызы да Сирияга кеткен. Алар чатырларда күн кечирип жатканын айтып, Кыргызстанга кайтууга жардам берүүсүн суранып, байланышка чыккан.

— Эртең менен неберем сүйлөштүм. «Энеке кандайсыз? Бизди Кыргызстан алып кетет бекен?» деп кенедей неберелерим суранып жатат. Сиздерден суранабыз, ушул кыздарыбызды ар кандай кордуктарга таштабасак. Башка мамлекеттен Сириядагы жарандарын алып келип жатат го. Биз да алып кетишиңиздерди суранабыз. (ыйлап)

«Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин өкүлү Салтанат Урулдаеванын айтымында, учурда Сириянын лагерлеринде 137 аял, 400дөн ашык өспүрүм бар. Кыргызстан Сирияга кеткен жаандарды кайтарууда эч кандай аракеттерди кылбай жатат. Сириядагы өспүрүмдөр азыр алынып келинбесе, кийин кооптуулук жаралышы мүмкүн.

— Бийликтегилер карапайым эл кыйналып турганда карабаса, качан кол сунат? Сириядагы жаш балдар 1-8 жаш курак аралыгында. Аларды мекенине кайтарсак, айтыңыздарчы кандай зыян болот? Алар суранып жаткан кезде Кыргызстанга алып келсек, мамлекетке ыраазычылыгын айтмак, элде да бийликке ишеним пайда болмок. Жакшы психологдорду даярдасак, убакыттын өтүшү менен ал аламдар да калыбына келмек. Жаныбарларды да үйрөтүп жатышат го. 

«Элет көйгөйү» коомдук бирикмеси 24-февралда Сириядагы кыз-келиндерди жана балдарды өлкөгө кайтаруу боюнча кат даярдап президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана тийиштүү органдарга кат жиберген. Бул тууралуу биримдиктин төрайымы Марипа Алыйкулова маалымдады. Ал 2020-региндордо өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата Сириядагы жаш балдарды мекенге алып келүүгө көңүл бурулат деп ишеним артат.

— Тамак-аш жетпей, суук тийип, ооруп каза таап жатышат. Коңшу өлкөлөр Сириядагы жарандарын алып келди. Алардан биздин эмнебиз кем? Учурда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда Сириядан келген жарандар коомго кадимкидей аралашып жашап жатышат. Биз жаман-жакшысын уга элекпиз. Демек, аларды биз да Сириядагы жарандарыбызды алып келсек, эч нерсе деле болбосо керек.

Марипа Алыйкулова өкмөттүн Сириядагы жарандарды кайтаруу ишин кечиктириши коррупциялык иштерге байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

— Сириядан жарандарды кайтаруу маселесинде да ири коррупция жатат окшойт. Кыздар келгенде, чоң нерселер ачылат окшойт. Балким, балдардын келиши, кыз-келиндердин оозу ачылышы менен аткаминерлердин баштары кетет. Кызыктар болушканы үчүн келтирбей жатат деген ойлор пайда боло баштады. Бийлик жакынкы арада кандайдыр бир саясий чечимдерге келбесе, биз акцияларга чыгабыз. 

Сирияга кеткен жарандардын жакындары бир нече ирет президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылуу жолдогон, бирок майнап чыга электигин айтышууда.

Дагы бир кыргызстандык жаран Рамаз Сариевдин да 2 кызы, жубайы Сириядагы лагерлерде. Анын пикиринде, Сирияга кеткен кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү алданып калган. Эгерде күнөөсү болсо, Кыргызстанга келгенде жооп бермек. Бирок өкмөт ишти кечиктирип жатат.

 — Республика бизге «алып келебиз» же «алып келбейбиз» деп ачык айтса болмок. Эгер Сириядагы жарандарды алып келүүдөн баш тартышса, айла жок, биз башка жолдорду издемекпиз. Коңшу өлкөлөрдөн, балким, АКШдан суранабыз. Биздин чоңдор кресло талашып эле, өздөрүнүн көйгөйлөрүнөн коркуп отурушат. Биздин маселе эң көйгөйлүү го деп ойлойм. Сирияга кеткен айымдар алданып кеткен. Алар террористтер болсо, эбак эле өлтүрүп коюшмак. 

Сириядагы кыргызстандык балдар канчалык эрте алынып келинсе, коркунучтар ошончолук азаят. Андыктан өкмөт бул маселеде болгон күчүн жумшашы керек. Бирок качкындарды Кыргызстанга кайтаруу көп каражатты талап кылат. Анткени аларды алып келген соң реабилитациялык колдоо көрсөтүп, коомго аралашуусуна шарт түзүү зарыл. Мындай пикирин УКМК төрагалыгынын мурунку орун басары, «Альфа» антитеррордук ардагерлер уюмунун жетекчиси, генерал-майор Артур Медетбеков билдирди. Ал качкындарды Кыргызстанга кайтаруу иши создуктурулуп жатканын  коррупциялык элементтерге эмес, каражаттын тартыштыгына байланыштырды.

— Биринчиден, өкмөт эч нерсе кылган жок, жарандарды алып келе элек. ТИМ дипломатиялык жолдор менен Сирия мамлекетине чыгып, же болбосо, эл аралык деңгээлдеги уюмдарга таянып, кулчулукта кыйналып жүргөн жаш кыз-келиндерибизди КРге алып келүүгө бардык шарттарды түзүү керек. Бул өкмөттүн негизги жумуштарынын бири болушу кажет. Бирок аларды кайтаруу маселеси эмнегедир бир жылдан ашык созулуп кетти. Азырынча тыянак жок.

Сирияга кеткен жарандардын тургундары Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгы тарабынан кысым болуп, укук коргоо органдары террористтин ата-энеси экенсиңер дп коркутуп жатканы жатканы айтылды. Бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматтарды четке какты. Мекеменин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Карима Аманкулова жарандар мыйзам бузуу болду дешсе, тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу экенин эскертти.

-Эгерде жарандар биздин кызматкерлер тарабынан укуктары бузулуп жатат десе, анда, ИИМдин ички тергөө кызматына арыз менен кайрыла алышат. Андан сырткары, прокуратурга да кайрылса болот.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Сирия, Ирак өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандык балдарды алып келүү иштерин улантат. Бул аракет аталган өлкөлөрдө саясий кырдаал турукташканда активдештирилерин маалымдаган. Өкмөт аталган өлкөлөрдөгү жетимиштей баланы алып келүүнүн аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы сегиз жүздөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен эки жүздөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын жүз кыркка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Белгилей кетсек, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан быйыл аталган өлкөлөрдөгү жүздөгөн мекендештерин, айрыкча, балдар менен аялдарды кайтарып алды.

Copyright © 2017 Maral FM