Биз менен байланышыңыз

Депутат: Соттордун деңгээли мурдагы МАИ кызматкерлериникиндей болуп калды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 568 | 0

Кыргызстанда сотторго болгон ишеним төмөндөп кетти. Бул тууралуу пикирин депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында айтты. Жаңы сотторду шайлоо учурунда сөз сүйлөп жатып, отурумдарда төрагалык кылган соттордун жүзүн элге ачык көрсөтүүнү сунуш кылды. Андан тышкары соттук отурумдарды сүрөт, видеого тартууга тыюу салынган учурлар болорун айтып, сынга алды.

-Изилдөөлөр силердин деңгээлиңер мурда көчөдө турган МАИ кызматкерлеринин деңгээлине түшүп калганын көрсөтүп турат. Эл ишенбейт силерге. Ишенимди жогорулатуу керек,-дейт эл өкүлү.

Жогорку соттун судьясы Чынара Садырова сот системасы бардык көйгөйдө ачык сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери да ачыктыкты камсыздоо максатында экенин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM