Биз менен байланышыңыз

Алдамчылык жолу менен мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган жарандар кармалды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 658 | 0

Алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын август айында Сокулук РИИБге Чүй облусунун жашоочусу кайрылып, алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен атуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Автоунаанын баасы 8500 доллар турат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Сокулук РИИБде Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалган жарандар, Аламүдүн районунун 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуу жашоочулары,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM