Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Бишкектин айрым тротуарларынын абалы «бомба түшкөндөй»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2020 | 783 | 0

Бишкек шаардык мэриясы 2020-жылы 10 чакырым жол курат. Бул тууралуу шаардык башкармалыктын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Маралга” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган жол шаардык бюджеттин эсебинен салынат.

Андан тышкары, шаардыктар үчүн тротуарлар да калыбына келтирилерин, эгемендүүлүк алгандан бери ал жолдор каралбай калганын айтты.

-Ар бир райондо 2,5 чакырымдан, жалпы шаар боюнча 10 чакырымдык тротуарлар оңдолот. Борбор калаанын тротуарлары көп жылдан бери каралбай калган. Азыр Ак үйдүн алдындагы тротуарларга араң каражат таап жатабыз. Борбордук көчөлөрдөгү тротуарлар каралбай калган. Эгемендүүлүк алгандан бери бир да тротуар салынбаптыр. Айрымдарынын абалын көрсөң, бомба түшкөндөй, зээниң кейийт. Ошол үчүн ар бир районго 2,5 чакырымдан тротуар салуу боюнча тапшырма берилди, — деди Түлөбаев.

Быйыл Бишкек шаарына 10 миң көчөт отургузуу, жарыктандыруу үчүн ар бир районго 2500 чырак орнотуу да планга киргизилгенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM