Биз менен байланышыңыз

Марат Пирназаров «Унаа» мамлекеттик ишканасына директор болду

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 799 | 0

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору болуп Марат Пирназаров дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Пирназаровду бүгүн, 24-февралда ишкананын жалпы жамаатына тааныштырышат.

Марат Пирназаров 1980-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ал мурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары кызматын ээлеген.

Соңку учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Эске салсак, 13-февралда өкмөттүн маалымат кызматы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевдин кызматынан алынгандыгын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM