Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик комиссиясы жолугушууда

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 456 | 0

Ушу тапта Баткен шаарында эки тараптуу кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү уланууда. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады. Азырынча тараптар кандай чечимге келгени тууралуу айтыла элек.

Сүйлөшүүнү Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим жетектөөдө.

Тараптар эл арасында ишенимди калыптандыруу зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын буга чейинки жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM