Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын бөлүштүрүү иштери белгисиз мөөнөткө жылдырылган

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 776 | 0

Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы чыр чыгып турган 2 участокту демилитация жана демаркациялоо иштери белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бул тууралуу Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдан бери кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселеси боюнча 2 жолугушуу уюштурулган.

− Акыркы жолугушууда конфликт жаралган 2 участоктогу жерди алмаштыруу иштери башталып, маселени чечүү жолунун чети чыгып калган болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу апрелдин башында боло турган жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылып калды, − деди Акрамов.

Ошондой эле, Өзбекстан менен болгон чек арада делимитация жана демаркация иштери жасалышы зарыл болгон дагы 10 тилке бар экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM