Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу стационарларга барды

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 613 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койка-орундар ачылган убактылуу стационарларды барып көрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштей турган убактылуу стационарлар № 1- интернаттын (150 орун), «DISCOVERY» мейманканасынын (30 орун) жана Азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) базасында ачылган. Мындан тышкары, дарыгерлерден жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган 6 тез жардам унаасы түзүлүп, чакыруулар боюнча жөнөп кетишти.

Белгилесек, өлкө аймактарынан келген медициналык кызматкерлер гигиена жана санитардык нормалардын талабын аткаруусу туралуу келишим түзүп, алардын айлык акысы мыйзамга ылайык, төлөнүп берилет.

Андан соң вице-премьер-министр фармацевтикалык компания өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мамлекетке дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды калк үчүн жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыздап берүү жаатында көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Фармацевтикалык компания өкүлдөрү дары-дармектерди сертификциялоо процедурасы, дары-дармек каражаттарын киргизүү эрежелери, фискалдык жана укук коргоо органдары тараптан текшерүүлөрдүн санын азайтуу сыяктуу бир катар сунуштарды билдиришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бардык айтылган сунуштар Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилет жана ал фармацевтикалык компания өкүлдөрүн өлкө үчүн татаал кырдаалда биргеликте иш алып барууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM