Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда логистикалык борборду куруу маселеси каралды

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 659 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өлкөнүн чектеш райондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-кеңешме болуп өткөн, анын жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелер, анын катарында чек арага тийиштүү маселелер да талкууланган.

«Чек ара маселелерин чечүү Өкмөттүн бирден бир артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бюджеттеги тартыштыктарга карабастан, чектеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасында пландаштырылган пункттарын каржылоо жана ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турат», — деди Акрам Мадумаров.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде Баткен облусунда логистикалык борборду куруу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM