Биз менен байланышыңыз

Көк-Ташта октон жаракат алган аскерлерден вице-премьер кабар алды

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 952 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында тажиктер менен болгон ок атышуудан жаракат алган аскерлерден кабар алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акрам Мадумаров аскерлерге сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалады. Ал ошондой эле, жаракат алган жоокерлерге мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

8-майда Көк-Таш айылынын Чек участкасында тажик-кыргыз элдеринин ортосунда таш ыргытуу болгон. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки тараптан чек арачылар келип, ок атышуу болуп кеткен.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы билдиргендей, тажик чек арачылары күтүүсүздөн автомат, миномёттон ок чыгарган.

Окуядан 3 кыргыз жоокери жана бир жергиликтүү тургун жаракат алган.

Тажикстандын коопсуздук комитети эки тажик тургуну жаракат алганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM