Биз менен байланышыңыз

Сапарали Бөрүбаев Оштогу тергөө абагына которулууда

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 719 | 1

Акыркы маалымат боюнча Сапарали Бөрүбаевди Баткенден Оштогу СИЗО-25ке которуп жатат. Себеби, Лейлек райондук сотунун токтомунда СИЗО-25 мекемесинде кармалсын деген чечим чыккан. Буга Баткен облусунда бир дагы тергөө абагынын жоктугу себеп болгон. Бул тууралуу Бөрүбаевдин жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирди.

Адвокат ошондой эле, Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаев эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазганын билдирген болчу.

Мындан сырткары, тергөө тобу Сапарали Бөрүбаевдин ишине 2012-жылы Лейлектин Өзгөрүш айылындагы алтын кенде болгон окуя боюнча “тоноо” беренеси менен козголгон кылмыш ишин да кошуп койгонун айткан.

Сапарали Бөрүбаев жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаевдин арызынын негизинде 14-февраль күнү Жазык Кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү менен шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM