Биз менен байланышыңыз

Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн бир айга узартуу сунушталды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 368 | 0

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеӊеште депутат Талант Мамытов Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын иштөө мөөнөтүн дагы бир айга узартууну сунуштады.

2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Аталган комиссия үч жолу отурум өткөрдү, бирок бажы кызматынан тиешелүү суроолор боюнча толук жана канааттандырарлык жооп ала элек.

«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.

Эскерте кетсек, Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандыгын алган жарандардын бар экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM