Биз менен байланышыңыз

Торонтодо шассисинин бир дөңгөлөгүн жоготкон лайнер конду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 428 | 0

Учактын бортунда 120 жүргүнчү болгон. Air Canada компаниясынын бир дөңгөлөгү тушүп калган учагы Торонтодогу аэропортто ийгиликтүү конду. Бул тууралуу 19 февралда CTV телеканалы билдирди.

Ичинде 120 жүргүнчүсү жана экипаждын беш мүчөсү бар А319 лайнери Нью-Йорк шаарынан учуп чыккан. Учуу маалында учактын оң канатынын алдындагы алты дөңгөлөктөн турган шассиден бир дөңгөлөгү ажырап түшкөн. Учактын пилоту Торонтодогу аэропорттон конуу үчүн коопсуз коридор сураган. Учак коно турган жерге өрт өчүрүүчү унаалар, куткаруучулар тартылган. Анткен менен алардын жардамынын кереги жок болуп калып, эч бир жүргүнчү жабыркаган жок.

Copyright © 2017 Maral FM