Биз менен байланышыңыз

19-февраль: Коронавирусту жуктургандар 75 миңге чамалады [хронология]

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 730 | 0

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2007ге жетти. Андан сырткары, жалпы 74 729 адамга вирус жуккан.

Ошондой эле, вирус жуккан 14 387 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.

Кытайдан башка өлкөлөрдө Covid-19 коронавирусун жуктурган Жапонияда — 616 адам, Сингапурда- 81 адам, Гонконгдо-62, Түштүк Кореяда- 46 адам, Таиландда- 35, Германияда-16 киши, АКШда 15 киши катталган. Кытайдан сыркаркы өлкөлөрдө вируска кабылгандардын саны 1000ден ашты. Андан сырткары, Жапония, Франция, Гонконг, Тайвань жана Филиппинде коронавирустан каза болгондор катталууда.

19-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Белгилеп өтсөк, эл аралык маалымат булактарында Япониядагы карантинге алынган круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар деген маалымат тараган. Саякат кемесиндеги оператор Япониянын Саламаттык сактоо министри 67 жаңы жагдайды аныктаганын билдирген. Алардын арасында круиздик лайнерде иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны да бар экенин айткан.


Коронавируска кабылган алгачкы кыргызстандык жаран катталды


Кийинчерээк белгилүү болгондой, кыргыз жараны менен бир бөлмөдө жатып, тыгыз байланышта болгон адам коронавируска кабылган. Буга байланыштуу кыргызстандык жарандын да вирусту жууктурушу ыктымал деген шек жаралган. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Алар туруктуу кароого алынды. Учурда өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги «Алмаз ханышасы» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурууга шектелип жаткан мекендеш менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат.

Эми Кытайдагы абалга токтолсок,

Кытайдын Ухан провинциясындагы ооруканалардын биринин жетекчиси коронавирустун айынан каза болду. Аталган провинциядагы «Учан» медициналык жайынын директору Чжимин Лю 17-февралда көз жумду. Ал COVID-19 коронавирусуна кабылган болчу.

Буга чейин, 7-февралга караган түнү алгачкылардан болуп коронавирус тууралуу маалымат тараткан дарыгер Ли Вэньлян каза болгон жайы бар. Андан сырткары, Кытай боюнча 2000ден ашык медицина кызматкери коронавируска кабылганы айтылган.

Февралдын башында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?


Кытайдагы расмий статистика

(19.02.2020) 08:32 кытай убактысы
Вирусту жуктургандардын саны — 74 729 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 5248 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 25+3 административдик аймак
Каза болгондор — 2007 адам
Айыккандар 14 387 киши

(17.02.2020) 09:51
Вирусту жуктургандардын саны — 70 637 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 7264 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 25+3 административдик аймак
Каза болгондор — 1772 адам
Айыккандар 10 853 киши

(14.02.2020) 09:51
Вирусту жуктургандардын саны — 63 935 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 10109 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 1381 адам
Айыккандар 7018 киши

(13.02.2020) 09:34
Вирусту жуктургандардын саны — 59 883 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 16067 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 1368 адам
Айыккандар 5917 киши

(12.02.2020) 11:30
Вирусту жуктургандардын саны — 44 742 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 16067 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 1114 адам
Айыккандар 4744 киши

(11.02.2020) 09:32
Вирусту жуктургандардын саны — 42713 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 21675 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 1017 адам
Айыккандар 3998 киши

(10.02.2020) 11:00
Вирусту жуктургандардын саны — 40238 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 23589 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 909 адам
Айыккандар 3283 киши

(07.02.2020) 08:00
Вирусту жуктургандардын саны — 31224 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 26359 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 637 адам
Айыккандар 1542 киши

(06.02.2020) 10:55
Вирусту жуктургандардын саны — 28073 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 24702 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 564 адам
Айыккандар 1183 киши

(05.02.2020) 11:05
Вирусту жуктургандардын саны — 24365 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 23260 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 491 адам
Айыккандар 895 киши

(04.02.2020) 11:05
Вирусту жуктургандардын саны — 20487 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 23214 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 426 адам
Айыккандар 651 киши

(03.02.2020) 10:00
Вирусту жуктургандардын саны — 17245 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 21558 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 361 адам
Айыккандар 475 киши

(01.02.2020) 12:10
Вирусту жуктургандардын саны — 11822 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 17988 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 административдик аймак
Каза болгондор — 259 адам
Айыккандар 243 киши

(31.01.2020) 10:15
Вирусту жуктургандардын саны — 9720 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 15238 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 19
Каза болгондор — 213 адам
Айыккандар 175 киши

(30.01.2020) 11:20
Вирусту жуктургандардын саны — 7739 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 15
Каза болгондор — 170 адам

(29.01.2020) 16:00
Вирусту жуктургандардын саны — 6078 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 16 (+БАЭ)
Каза болгондор — 132 адам
Айыккандар 112 киши

(28.01.2020) 12:00
Вирусту жуктургандардын саны — 4535 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 6973 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 15 (+Германия, Шри-Ланка, Канада)
Каза болгондор — 106 киши.
Айыккандар 60 киши

(27.01.2020) 15:00
Вирусту жуктургандардын саны — 2823 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 5794 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 12
Каза болгондор — 81 адам
Айыккандар 55 киши

(25.01.2020)
Вирусту жуктургандардын саны — 2012 адам
Каза болгондор — 56 адам


Беткап артына «жашынган» дүйнө [фотогалерея]

Copyright © 2017 Maral FM