Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылган алгачкы кыргызстандык жаран катталды

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 9167 | 0

Жапониядагы карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазды.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, кыргыз жараны менен бир бөлмөдө жатып, тыгыз байланышта болгон адам коронавируска кабылган. Буга байланыштуу кыргызстандык жарандын да вирусту жууктурушу ыктымал деген шек менен катталган. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги «Алмаз ханышасы» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурууга шектелип жаткан мекендеш менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат.

Лайнерде COVID-19 коронавирусун жуктурган дагы 67 жаңы жагдай катталды. Кемеде вируска кабылгандардын жалпы саны 500гө чамалады.

«Алмаз ханышасы» круиздик лайнеринде кыргызстандык жарандан сырткары, Австралия, Канада, Кытай, Германия, Гонконг, Индии, Жапония, Филиппин, Тайвань жана АКШ жарандары бар.

Ичинде 3 700 жүргүнчүсү бар жапониялык лайнер 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконгдун тургуну 2019-nCoV вирусун жуктуруп алганы аныкталды. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы кескин начарлаган. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан.

Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандар 72 530га жетип, 12 562 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 870 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM