Биз менен байланышыңыз

Миссисипи штатында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 617 | 0

Американын Миссисипи штатында бороондуу чапкындан улам өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Катуу жаандын айынан Перл дарыясындагы суунун деңгээли 11 метрге көтөрүлүп, суу ташкыны жаралган.

Маалыматка ылайык, суу ташкындоо учурунда суунун деңгээли акыркы жолу 1983-жылы ушундай болуп көтөрүлгөн.

Ташкындаган суу штаттын борбору Жексон шаарындагы бир нече райондорду каптап, жолдор жабылган.

“Бул штат тарыхындагы үчүнчү ири сууу ташкыны болушу күтүлүүдө. Ошондуктан, жабыркаган тургундарга жардам берүү максатында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди”,- дейт штат губернатору Тейт Ривз.


Уэльсти “Деннис” бороону кыйратууда

Copyright © 2017 Maral FM