Биз менен байланышыңыз

Уэльсти “Деннис” бороону кыйратууда

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 606 | 0

Улуу Британия “Киара” бороон-чапкынынан оңоло электе артынан көп узабай “Деннис” бороону келип, төрт адамдын өмүрүн алып кетти.

“Киарадан” кийин Улуу Британияда кайрадан суу каптоолор башталып, жолдор жуулуп калган. Суу ташкынынын кесепетинен жол каттамдары, ошондой эле аба каттамдары да жылдырылган. 6-февралда Уэльсте жана Шотландиянын түштүгүнө “Деннис” бороону келген.

Арберадрон шаарында шамалдын ылдамдыгы саатына 150 километрди түзгөн. 24 сааттын ичинде бир айлык жамгырдын нормасы түшүп, адам өмүрлөрүнө коркунуч жаралган. Жергиликтүү калкты куткаруу үчүн аскердик кошуундар мобилизацияланган. Ошонун менен катар бир канча айылдардын тургундары коопсуз жерлерге көчүрүлгөн.

Британ метеорологдорунун айтымында, бороон өзүнүн туу чокусуна чыга элек. “Бороондун катуу эпкини дүйшөмдү жана шейшемби күнү күтүлүүдө” дешет алар. Британ “Кызыл чырым уюму” калкты бардыгына даяр болууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM