Биз менен байланышыңыз

Темир Назаров: Биздин муундагы ырчылар чогулуп концерт беребиз

Көңүл ачуу , Марал шоу | 16 Фев 2020 | 1294 | 0

Бир учурда кыргыз шоу дүйнөсүндө жанып турган жылдыз болуп, көптөгөн күйөрмандарды топтой алган Темир Назаров менен «Марал» радиосунун түз эфиринен маек курдук.

— Саламатсызбы, Темир мырза!

— Саламатчылык!

— Кандай жаңылыктарыңыз бар?

— Жакында эле “Лейли” аталышындагы жаңы чыгармам жарык көрдү. Буйруса, экинчи клибим дагы даяр. Ал эмгегимди жакында көрө аласыздар. Андан сырткары дагы бир клиптин үстүнөн иштеп жатам. 2020-жылдын башынан баштап үч эмгегимди жараттым. Турмуш-тиричилик менен гана жүрүп, чыгармачылыгыма көңүл бурбай калгам. Ушул жыл мен үчүн чыгармачылыктын жылы болот.

— Китеп сүйүүчүлөрдүн катарына киресизби жана үй китепканаңыз барбы?

— Китеп көп окуганга аракет кылам. Бирок, убакыт аздыгына байланыштуу кээде окуганга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошенсе да азыр орусча китептерден окуп жатам.

— Көбүнчө ырлардын тематикасы окшош. Мисалы: ата-эне, туулган жер, мекен сыяктуу. Такыр башкача темадагы  ырларды сизден күтсөк болобу?

— Албетте, даярдап койгон 2-3 ырым бар. Бирок, аталышын айта албайм. Себеби, бир топ жыл мурун менин идеямды уурдап алгандар болгон.

— Мурунку Темир Назаровду көрө алабызбы?

— Чындыгында, арыктоо мага абдан кыйын болду. Диета кармап жана спорт менен машыгып, бир айдын ичинде арыктагам. Быйыл бийге барайын деп жатам. Себеби, сахна адамына бий сөзсүз керек.

— Концерт берүү планда болсо керек?

— Албетте, оюмда бар. Биздин муундагы Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев болуп, ошол кезди эске салып, ошондогу хит ырларды ырдап “Биз силерди сагындык” деп концерт коюу планда бар. Буйруса, быйыл аракет кылабыз.

Copyright © 2017 Maral FM