Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Германия Өкмөтүнүн өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 563 | 0

Кечээ, 15-февралда Мюнхен шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германия Өкмөтүнүн Орусия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дирк Визе менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Немис дипломаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстандагы немис фонддорунун дараметин пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Эберт фонду уюштуруп жаткан ушул жылдын апрелинде Бишкекте өтө турган конференцияга катышууга даярдыгын билдирди.

Тараптар экономикалык, анын ичинде, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын конкреттүү толтуруу зарылдыгын белгилешти.

Экология жана курчап турган чөйрө, анын ичинде, “Жашыл Борбордук Азия” концепциясын ишке ашыруу тармагындагы кызматташтыктын маселелери жөнүндө өзүнчө сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM