Биз менен байланышыңыз

16-февраль: Кытайда коронавирусту жуктургандар 68 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 725 | 0

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 69 миңден ашты, сутка ичинде аталган илдеттен 142 адам көз жумуп, ооруну жуктургандар 1 323 адамга көбөйдү. Бул тууралуу РБК жазды.

16-февралга карата Кытайда коронавирусту жуктургандар 68 500гө жетип, 9 419 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 665 адам каза болду. Сутка ичинде Хубэй провинциясында 1 843 адам жаңы вирус менен катталган. Алардын 1 548и Ухань шаарында катталган. Ошол эле учурда аталган аймакта дагы 139 киши каза болду.  Хубэй провинциясында жалпы оорулуулардын саны 49 030 миңге жетип, алардын 35 миңи Ухань шаарына туура келет.

Кытайдан башка өлкөдө коронавирус 2019-nCoV жуктургандар Японияда — 338 адам, Сингапурда- 72 адам, Гонконгдо-56, Таиландда- 33, Түштүк Кореяда- 28 адам, Германияда-16 киши, Францияда-11 киши катталып, 15-февралда аталган өлкөдө 80 жаштагы кытайлык турист каза болду. Бул аталган вирустан Европада катталган биринчи өлүм болуп эсептелинет.

Адистердин айтымында, коронавирустун өлүм көрсөткүчү 2,2% түзөт. Ошондой эле, вирус жуккан 7 миңден ашык бейтаптын айыкканын белгилеп өтөлү.

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары, 23 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар катталды.

Copyright © 2017 Maral FM