Connect with us

Курсан Асановдун иши боюнча соттук териштирүү башталды

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 812 | 0

Ички иштер министринин орун басары кызматынан алынган Курсан Асановдун ишине байланыштуу соттук териштирүү башталды.

Алгачкы жыйын Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда бүгүн өтүп жатканын жактоочу Таалайгүл Токтакунова маалымат каражаттарына кабарлады.

Азырынча ал кайсы иш боюнча өтүп жатканы белгисиз. Алгачкы соттук жыйынга Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышып жатат.

ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча тергөө иши 4-февралда аяктаганы кабарланган. Анда генерал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу», «Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу», «Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк», «Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү» беренелери  боюнча айыпталганы белгиленген.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Copyright © 2017 Maral FM