Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Тазалыктын» кызматкерлери мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча кармалышты

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 348 | 0

Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Такталгандай, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттарды талон түрүндө сатып алган.

Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш жүргузүүгө багытталган күйүүчү май талондорун алышып, өз кызыкчылыгына коротуп салышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сот баш коргоо чарасын карап, кармалган адамдар 2 айга үй камагына алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM