Биз менен байланышыңыз

УКМК Мамлекеттик бюджетке 26 миллион сом которду

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 428 | 0

Айрым коммерциялык компаниялардын калкка байланыш кызматын сатуудагы салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Материалдар боюнча коммерциялык компаниялардын биринде жүргүзүлгөн салыктык текшерүү иштеринин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жыйынтыгында, мамлекетке 26 миллион 408 миң 750 сом зыян келтиргени аныкталды.

30-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, акчалай каражаттарды топтоштуруу жана эсепке алуу үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеби” аркылуу мамлекеттик бюджетке 26 млн 408 миң 750 сом которулду.

Copyright © 2017 Maral FM