Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүнө 295 тонна туз себилди

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 458 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы карларды тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Кар жана музду тазалоого 37 атайын техника тартылган. Ошондой эле “Тазалыктын” 800дөй жумушчусу иш алып барууда. Жолдорго жана тротуарларга туз себүү жана тазалоо тынымсыз жүргүзүлүп турат.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер жаралса, төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

  •  Аскат Карынбаев (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Алмаз Турсалиев  (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Мавлян Аскарбеков (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Рустам Касымбеков (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Copyright © 2017 Maral FM