Биз менен байланышыңыз

Суракматов: Кызматкерлердин ортосундагы жаңжал — жумуш процессинде болуп турчу иш

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 529 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасында учурда чыгашаларды оптималдаштыруу жана баардык иш-аракеттерди санариптештирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэри Азиз Суракматов  аталган ишкананын кызматкерлеринин маянасынын тегерегинде жаралган кырдаал боюнча өз оюн айтып жатып билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-февралда мэриянын жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров «Тазалыктын» административдик башкаруу кызматкерлери 50-100 миң айлык акы алып, ал эми көчө тазалагандар 5-10 миң сом маяна аларын айтып чыккан. Ага жооп катары «Тазалык»  ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирүү жасап, айлык акысын көрсөтүп, вице-мэрдин өзүн да сындап өткөн. Бул социалдык тармакта катуу талкууга алынган.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун айтымында, жумуш учурунда кызматкерлер арасында мындай жаңжалдар боло берет.  Учурда андай сөздөрдү азайтып, мекеменин ишин ачык-айкын кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

«Тазалыктын» негизги кампаларына жана таштанды полигондоруна видео камералар орнотулду. Ошондой эле техникаларга күйүүчү майларды эсептөө үчүн жабдуулар, GPS-навигаторлор орнотулуп, кызматкерлердин кайсы жерде жүргөндүгү боюнча  маалымат берүүчү карталар түзүлөт. Биз «Тазалыктын» ишин болушунча ачык- айкын кылып, тартипке келтирүү ниетиндебиз. Учурда кимдир бирөө көп айлык алат дагы, кимдир бирөө аз алат, биз бардык кызматкерлерге татыктуу эмгек акы берүүнү каалайбыз«, — деди Суракматов.

Вице-мэр Мирлан Амантуровдун айтканы

Жибек Каракееванын айтканы

Copyright © 2017 Maral FM