Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 375 | 0

Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү Ж.А. аттуу  кыргыз жаранынын  интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган иш аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү  учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык Ж.А. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1- тергөө камагына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда «Хизбут-Тахрир» уюму Жогорку соттун токтому менен 2003-жылдын 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргузүүсүнө  тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM