Биз менен байланышыңыз

УКМК: Контрабандалык жүктү сатып жиберген сот аткаруучу кармалды

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 1347 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектин Биринчи май райондук  сотунун сот аткаруучусу «С.Н.А.»нын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталап, анын жүрүшүндө 2019-жылдын 23-майында Биринчи май райондук соту контрабандалык жол менен алынып келинген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган.

Биринчи май райондук соттун чечимин аткаруу сот аткаруучу С.Н.Ага тапшырылган. Бирок ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 70 тоннанын 5 тоннасын гана жок кылып, калган жүктү жергиликтүү ишкерлер К.Ж. жана С.Ф. аттуу жарандарга 150 миң долларга сатып жиберген.

Кармалган жаран Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM