Биз менен байланышыңыз

УКМК: Салыкчылар пара талап кылуу боюнча кармалды

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 490 | 0

6-мартта пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 миң доллар талап кылган.

Ушул жылдын февраль айында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5 миң доллар акча каражатын алган.

6-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалган кызматкерлер УКМКнын тергөө камагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM