Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бардык телефондук сүйлөшүүлөр жазылып алынууда» деген маалымат калп

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 1550 | 0

Социалдык тармактардагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Басма сөз кызматынын атынан таратылып жаткан, бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК бул маалыматты “фейк” катары баалайт.

Буга байланыштуу учурда УКМК жогорудагы маалыматтарды тараткандарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда УКМК жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартуу каралгандыгын эскертет.

Эске салсак, социалдык тармактарда бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат тарап жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM