Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин 1 миллион сомго доого жыкты

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 670 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырды. Мындай маалыматты гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев ырастады.

Соттун чечими менен «Азия Ньюс» гезитти 1 миллион сом доо төлөөгө милдеттүү болду.

Эске салсак, 17- августта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берген. Вице-премьер «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди», — деп гезиттен 10 миллион сомдук моралдык чыгым төлөтүүнү көздөгөн.

Аталган гезит «Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар» деген такталбаган маалыматты жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар Жеңиш Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп, бул маалыматтын чындыкка коошпогонун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM