Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасынын эки кызматкери коррупцияга шектелип камалды

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 453 | 0

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунда бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык факты аныкталды.

Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3  млн 160 миң 903 доллар зыян келтирилгенин атайылап жашырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж.га Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM