Биз менен байланышыңыз

Сыдыков: Ишкерлерди көп учурда негизсиз текшеришет

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 392 | 0

Ишкердин ар намысына шек келтирген жагдайлар байкалууда. Фискалдык органдардын адилетсиз мамилесин көргөн бизнес өкүлдөрүнүн келечекке болгон үмүтү аз. Бийликке болгон ишеним дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн 2 эсеге төмөн. Мындай пикирин Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков билдирди.

Аскар Сыдыков билдиргендей, келген жана кеткен инвестицияларды салыштырууда бир орунда калып калган. Дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан түзүлгөн рейтингге ылайык, бизнестин өнүгүшүнө коррупция, саясий туруксуздук, салык жол жоболору, каржы булактарына жетишүү көрсөткүчү оор.

Дүйнөлүк банктын сурамжылоосу боюнча, ар бир 3-ишкана коррупцияга дуушар болгон. Курулуш тармагында ар бир экинчи ишкана пара берүүнү туура көрөт. Түшкөн арызды укук коргоо органдары тийиштүү деңгээлде карабай, сотко чейинки өндүрүштү баштап коёт. Алсак, салык боюнча маселе болсо, ишкер укук коргоо органынын атайын эсебине которот. Анын бир бөлүгү мекемеде калат да, калганы бирдиктүү депозиттик эсепке түшөт. Ишкер кошумча салык төлөбөсө, камакка алынат. Айласыздан ишкер кошумча акча төлөйт. Ишкер кошумча акча төлөбөй коюу үчүн сотко кайрылса, адилеттик таппайт , — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал ишкерлерди негизсиз текшерүү көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM