Connect with us

Коронавирус: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кайрадан чогулат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 724 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы эл аралык күрөштү күчөтүү, изилдөөлөрдү жана жаңы ыкмаларды табуу маселесин талкуулаган форум өткөрөт. Бул тууралуу ВВС маалымат кызматы жазды.

11-12-февралда Женевада өтө турган форумга дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары, саламаттыкты сактоо тармагындагы уюмдар жана өкмөт өкүлдөрү катышат. Талкуунун жүрүшүндө диагностика, профилактика жана вирусту дарылоо ыкмалары, вакцинаны табуу боюнча сөз болот.

11-февралдагы расмий маалымат боюнча, Кытайда вирус жуктургандар саны 42 миң 732 кишиге жеткен. 1017 бейтап вирустан каза тапса, 4097 адам айыккан.

Жапонияда вирусту жуктургандар 164кө жетти. Түштүк Кореяда вирус жуктурган 28-учур катталды. АКШда он үч кишиге жуккан бойдон тараган жок.

Дүйшөмбүдө коронавирустан бир күндө 106 адам көз жумду. Буга чейин мындай көрсөткүч болгон эмес. Жоготуулар 2003-жылдагы SARS эпидемиясынан ашып түштү дейт адистер. Бирок инфекциянын жаңы жуккан учурлары стабилдешип калганы айтылууда.

Эске салсак, 3о-январда, Женевада чогулган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM