Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 668 | 0

Бүгүн, 10-февралга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-февралга карата стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери  боюнча медициналык кароодо 490 адам бар. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Республикалык штаб коронавирустун өлкөгө киришин алдын алуу жана республиканын аймагына жайылышына жол бербөө боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алууда.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө.

Учурда мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.

Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.

Copyright © 2017 Maral FM