Биз менен байланышыңыз

Унаа оңдоочу жайдан чыккан өрттөн 8 унаа күйдү

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 621 | 0

Кечээ, 9-февралда саат 14:40 чамасында Бишкек шаарынын Юсуп Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “Малярка kg” техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттөн 8 жеңил унаа күйгөн. Алар: Тойота Вищ, Лексус-470, Тойота Цинос, Лексус-350, БМВ-34, БМВ-39, Мерседес-Бенц-124, Фольксваген Гольф-3. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган жаран түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркаган жарандын ден-соолугун абалы канааттандыраарлык. Каза болгон адамдар жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM