Биз менен байланышыңыз

Данияр Эрматов: Жубайым телефонумду текшербейт

Шоу-бизнес өкүлү, ырчы мырза Данияр Эрматов менен “Марал шоу” программасы аркылуу маек курдук.

— Саламатсызбы, студияга кош келипсиз!

— Саламатчылык, мурунку эфирлерге бойдок кезимде келсем, азыр үй-бүлө кургандан кийинки  биринчи эфирим болуп турат. Себеби, буга чейин убакыт болгон жок.

— Бизге көп жаңылыктарыңыз менен келдиңиз…

—  Жакында жубайым экөөбүз бал айын өткөрүү үчүн Дубайга барып келдик. Бул эс алуу планда жок болчу. Ата-энем, бир туугандарым күтүлбөгөн сюрприз кылышып, билет алып беришти. Эсте калган сонун көз ирмемдер болду.

— Үй-бүлөлүк жашоо кандай?

— Бардыгы сонун. Башында бир аз көнө албайт экенсиң. Менин сүйүнгөнүм, жубайым мени абдан туура түшүнөт. Жада калса, телефонумду текшерип, ачып карабайт, мага ишенет. Ошондуктан, мен да ишеничин актаганга аракет кылам. Бойдок досторго үйлөнгүлө дедим. “Үйлөнгөндөн кийинки сүйүү канткенде күчөйт?” дегендерге жооп: ата-эне, бир туугандарга кылган мамилесин көргөндө күчөйт экен. Алар менен өз кызындай эркелешип сүйлөшкөндө, урушайын десем да, жазылып кетем.

— Бир күнү Ошто, бир күнү Бишкекте жүрөсүз. Кыйналган жоксузбу?

— Жашоо ошондой экен. Бирок абдан кызыктуу болууда. Борборго концерттер, иш-чаралар болгондо келем, негизи Ошто ата-энебиздин жанындабыз. Келинчегим чыгармачылыгымды түшүнөт, ошондуктан баары ойдогудай.

— Той оюңуздай өттүбү?

— Баары жакшы, негизи 800 орун даярдаганбыз. Бирок, миңден ашуун конок келди. Сыйлуу конокторго орун жетпей калды, анткени мен тааныбаган, чакырылбагандар дагы келди. Бирок, келген коноктордун бардыгы туура түшүндү.

— Данияр мырза, маегиңизге рахмат, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

— Сиздерге дагы ыраазычылык!

 

Copyright © 2017 Maral FM