Биз менен байланышыңыз

Кордайда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 643 | 0

Казакстандын Жамбыл облусунун акими Аскар Мырзахметов массалык башаламандыктан кийин Кордай районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги жазды.

Мындай чечим «Казакстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар режими кечээ, 8-февралда саат 21:00дөн баштап күчүнө кирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Масанчи айылында жана башка айылдардын тургундарынын арасында болгон мушташка 1000ге жакын адам катышкан. 8 киши набыт болуп, 40 киши ар түрдүү жаракаттарды алып, 50 адам кармалган. Өрттүн кесепетинен 30дан ашык турак-үй күйсө, дагы 15 соода объектиси жана 23 унаа күйгөн.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дунган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM