Өкмөт Кыргызстандын аэропортторун тышкы башкарууга берүүнү пландап жатат. Ал үчүн Эл аралык финансы корпорациясы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүү моделинин үстүндө иштеп жатат. Анда инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, андан кийин тышкы башкарууга бериле турган компания тандалат. Бирок коомчулукта аэропорттор менчиктештирилип кетпейби деген чочулоолор бар. Деги эле аэропортторду тышкы башкарууга берүү менен Кыргызстан кандай пайда табат? Мамлекет аэропортторду көзөмөлдөй алабы?
Аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өткөрүү менен аба майдандары менчиктештирилбейт. Болгону белгилүү убакытка тышкы башкарууга берилет. Бул ыкма аэропорттордун инфраструктурасын, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жакшыртуу, кирешени арттырууга шарт түзөт. Аэропорт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча колдонууда болгондо мамлекет киреше табат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, аэропорттордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасын колдонуу эл аралык тажрыйба.
— Мамлекеттик мүлктү, объектти мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырса, ал мамлекеттин көзөмөлүндө жана мамлекеттик менчигинде калат. Ал жеке тарапка колдонууга берилип, мөөнөтү бүткөндө мамлекетке кайтарылат. Азырынча аэропорттор канча убакытка берилери белгисиз. Бирок бул ыкма боюнча ал эң көп дегенде 30 жылга берилиши мүмкүн. Бул долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин анын мөөнөтү, жеке тарапка кандай шарттар менен берилери белгиленет. Ушул учурда гана мамлекет киреше ала алат. Анализге жараша үлүш, балким, 50/50 же 60/40 болушу мүмкүн.
Данияр Абдылдаев мындан сырткары Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгарылса, аба каттамдарынын саны өсөрүн, сапаттуу тейлөө үчүн аэропорттордун абалын жакшыртуу зарыл экенин кошумчалады.
Былтыр өкмөт Кыргызстандын аэропорттук инфраструктурасын өнүктүрүү багытында түзүлгөн жумушчу топ тарабынан долбоорду Эл аралык финансы корпорациясы менен өнөктөштүктө иштеп чыгуу жана бул уюмду «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсын модернизациялоо жана өнүктүрүү» долбоорун даярдоодо кеңешчи катары дайындоо сунушталган. Эми өкмөт Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте долбоордун техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгат. Ал бир жылга жакын убакытты талап кылат. Анда аба майдандарга анализ жасалып, инвесторго кандай шарт менен берилери аныкталат.
Жарандык авиация агенттиги бардык аэропорттук инфраструктураны тутумдуу өнүктүрүү боюнча сунушун киргизген. Анткени өлкөдөгү 11 аэропорттун алтоо дотацияда турат. Ал эми келген инвесторлор киреше берген аэропортторго гана кызыгат. Бул боюнча Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев өзүнүн оюн билдирди.
— Инвесторго «Манас» эл аралык аэропорту АККсынын аба майдандарынын баарын алгыла деген сунуш киргизип жатабыз. Алардын кемчиликтери көп, учак тилкелери толугу менен жарактуу эмес. 2 аба майданыбыздын сертификаты жок, учканга болбойт. Ушулардын барын көтөрүү керек деген сунуш киргизип жатабыз. Сунуштар инвестор келген соң гана каралып, техникалык маселелери иштелип чыгат. Ага чейин кеңешчини кабыл алып иш алып барабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келген убакта бизге экинчи учуу тилкеси керек экендигин талап кылабыз.
Ал эми «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын орун басары Абдималик Бусурманкулов мекеме туруктуу иштеп, каржы көрсөткүчтөрү өсүп жатканын айтат. Ал белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропорту» былтыр 2 млрд сом таза киреше тапкан. Жалпысынан дивиденд катары акционерлерге 800 млн сомдон ашык каражат төлөнгөн.
— Өндүрүш жана финансылык көрсөткүчтөр өсүп жатат. Жергиликтүү аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң каражаттарды салып, жумушту улантып жатабыз. Биз мамлекеттен акча албайбыз. Апрель айында акционерлердин жыйыны болот. Чогулушта акционерлер добуш менен дивиденддердин өлчөмүн такташат. Мамлекеттик үлүш болобу, жеке адам болобу, дивиденддердин көлөмү акциянын көлөмүнө жараша болот. «Манас» эл аралык аэропорту акционердик коом болуп эсептелет жана ал «Акционердик коом тууралуу» мыйзамынын алкагында иш алып барат. Учурда акциялардын 79%ы мамлекетке, 8%ы Социалдык фондго жана 12%ы юридикалык жана жеке адамдарга таандык.
«Эгерде «Манас» эл аралык аэропорту акционердик коому аба майдандарын жакшыртуу багытында тийиштүү жумуштарды жасап жатса, эмне себептен аэропортторду тышкы башкарууга берүү зарыл?» деген суроо жаралат.
Транспорт жана Жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев «Манас» эл аралык аэропорту акционердик коому жакшы иштегени менен, жылыштар жай болуп жатканын белгилеп, төмөнкүлөрдү түшүндүрүп кетти:
— «Манас» начар эмес, жакшы өнүгүп жатат. Бирок мындан да жакшы болсун деген тилегибиз бар. Биз 20-30 жыл күтө албайбыз. Аэропорттор эч кимге сатыкка берилип жаткан жери жок. Учурда мамлекеттин үлүшү кандай болсо, кийин да ошол бойдон калат. Биз жөн гана аба майданынын башкаруусун өзгөртүүнү пландап жатабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасына барышыбыз керек.
Адистер Кыргызстанда «ачык асман» режимин киргизүү чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо талап кылынарын белгилешет. Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыковдун баамында, аба майдандардын абалын жакшыртууну мамлекеттик жеке-өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруу жакшы натыйжасын берет. Бирок өкмөт инвестор менен келишим түзөрдө төмөнкү жагдайларга көңүл турууга тийиш:
— Келишимди түзүүдө атайын адистер, юристтер кылдат иштеши керек. Тобокелчилик, коркунучтарды карап, башкаруу мөөнөтүнө маани берүүлөрү зарыл. Мындан сырткары, эгерде талаш-тартыш болуп калса, кайсы сотто каралары так белгилениши керек. Көбүнчө мындай ири долбоорлор Арбитраждык сотто каралат. Ошондой эле келишим бир тараптуу бузулганда, кандай кесепеттердин болору, кандай чаралар көрүлөрүнө көз салуу тийиш. Ал эми Аэропорттук инфраструктураны сөзсүз түрдө жакшыртуу керек. Анткени атаандаштык күчөп бара жатат.
Кошумчалай кетсек, 2018-2022-жылдарга карата өкмөттүн программасында «Манас», «Ош», «Тамчы» аэропортторун модернизациялоону жана жаңылоону аяктоо каралган.