Биз менен байланышыңыз

Ырчы Тамга: Атымды таенем койгон

Көңүл ачуу , Марал шоу | 6 Фев 2020 | 2915 | 0

Учурда заманбап стилде ырларды жаздырып, жаштар арасынан күйөрман топтогон  ырчы кыз Тамга менен түз эфирден маек курдук.

— “Тамга” өзүңүздүн ысымыңыз. Атыңыз тууралуу көп сурашса керек…

Ооба кайда барсам да “өзүңдүн атыңбы?” деп көп сурашат. Негизи, таенемдин түшүнө “кыз неберелүү болосуң, атын Тамга кой” деп аян берген экен. Ошол себептүү Тамга аталып калдым. Мектепте окуп жүргөн кезде бул ысым мага жакчу эмес. Азыр атым чыгып калган соң, жага баштады.

— Өзүңүз тууралуу кененирээк айтсаңыз…

Бишкекте төрөлүп-өстүм. Ата-энем Алай жергесинен болот. Беш жашымда биринчи класстын босогосун аттадым. Азыркы учурда Кыргыз улуттук консерваториясында 4-курста окуп жатам. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз.

— Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

“Кыргыз уулу” деп аталган өзгөчө стилде ыр жаздырдык. Буюрса, клип тартууга даярданып жатабыз. Чыграмачылык кече өткөрсөм деп пландап жатам. Эки аткаруучу жана эки продюссер болуп төрт кишиден турган чоң команда менен биргеликте иш алып барабыз.

-Бул жаатка кантип аралашып калдыңыз? 

Окуумду аяктаган учурда Канат Култаев жетектеген шоу-бизнес мектебине барып, үч ай окудум. Ал жактан көп мактоолорду уккан соң, өзүмдө ишеним пайда болуп, чыгармачылыкка аттанарыма көзүм жетти. Кавер жаздырып интернетке жүктөдүк. Ошентип, автордук ыр жаздырып, клип тарттырып баштагам.

— Сизди шоу бизнес өзгөрттүбү?

Апам: “Канчалык көтөрүлсөң, ошончолук ылдый бол” деген сөзүн дайыма айтып турат. Ошондуктан, бардыгына тегиз мамиле кылууга аракет кылып келем.

— “Напарниктер 2” кино тасмасында саундтрегин ырдагансыздар. Жаралуу тарыхына токтолсоңуз…

Продюссерибизге кинонун саундтреги боюнча сунуш түшкөн экен. Баястан экөөбүз аткармай болдук. Кино менен биргеликте клип чыкты.

-Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик!

 

Copyright © 2017 Maral FM