Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 2222 | 0

Бүгүн, 6-февралга карата өлкө аймагында коронавирус менен ооругандар жок, республикада эпидемиологиялык абал туруктуу.  Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда жайылтылган «Баткен облустук ооруканасына коронавируска чалдыкты» деп шектелген эки жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Аталган жарандар Кытайдан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу келишкен. Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери  жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6-февралга карата 154 адам стационардык кароодо, 260 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын абалы туруктуу.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине буга чейин Орусиядан коронавирусту аныктоочу тест-системалар алынып келген. Байкоодогу жактардын баары жогоруда көрсөтүлгөн тест-системаны колдонуу менен кошумча текшерүүдөн өтүшкөн, бардыгында вирус аныкталган эмес.

Кытайдан келген жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга мүнөздүү белгилер болсо текшерилип, медициналык кароо жүргүзө турган жана тиешелүү дарылануудан өтө турган медициналык жайлардагы атайын палаталарга жаткырылууда.

Мындан тышкары, жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

Copyright © 2017 Maral FM