Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын эки эсе жогорулатты

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 722 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу,  кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн сом бөлүнөт. Бул республикалык бюджетте каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.

Кызмататтардын аталышы Эмгек акынын жогорулаганга чейинкиси

 (сом менен)

Эмгек акынын жогорулагандан кийинкиси

(сом менен)

1 Автобус, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 4200 8000
2 Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочулары 3000 6000
3 Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик 3000 6000
4 Иш кагаздарды мукабалоочу 2700 5000
5 короо шыпыргыч, багбан 2700 5000
6 Гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу,  кастелянша, курьер, кладовщик 2500 5000
7 Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар 2500 5000

Copyright © 2017 Maral FM