Биз менен байланышыңыз

Баткен: «Максат» дюкери 2023-жылы курулуп бүтөт

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 767 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-февралда, Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди кабыл алып, ирригациялык жана таза суу долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев билдиргендей, 2017-2026-жылдарга карата өлкө ирригациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө биринчи жана экинчи этаптар боюнча 2024-жылга чейин 31 ирригациялык объект артыкчылык катары тандалып алынган, алар жалпысынан 26 миң гектардан ашуун жаңы сугат жерлерин ишке киргизип, 46 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусун жакшыртат.

Бүгүнкү күндө 22 ирригациялык объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтер даяр, 5 объекттин курулушу жыйынтыкталып, 14 объектте курулуш иштери улантылып жатат. Таза сууга муктаж болгон 653 айыл аныкталган, ошондой эле 169 айылдын суу менен камсыздоо системасынын эскилиги жеткен.

Акыркы үч жылдын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо системалары өлкөнүн 107 айылында курулган. 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл.

Ал жакынкы жылдарга карата ири ирригациялык долбоорлордун ичинен 2023-жылда курулуп бүтөт деп пландалган Баткен областынын Лейлек районундагы «Максат» дюкерин атады. Бул чек ара аймактарында 1800 гектар жаңы сугат жерлерин киргизүүгө мүмкүндүк берет, насостук станциялардан өз алдынча сугарууга 3000 гектардай жер которулат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылдын аягына чейин пландалган суу менен камсыздоо объекттерин толук бүтүрүү үчүн кошумча ресурстарды тартуу боюнча донордук уюмдар менен кызматташууну күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM