Биз менен байланышыңыз

Быйыл кыргыз-тажик бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 466 | 0

Бүгүн, 5-февралда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун демилгеси менен Исфара шаарында Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Кеңеш Салихов менен Согдий облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Б.Баходурзоданын эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда элчи Жаныш Рустенбеков эки элдин, өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактардагы калктын бир-бирине болгон ишенимин бекемдөө керектигин белгилеп, кыргыз-тажик бизнес форумун өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, чек арага жакын жайгашкан райондорго айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуучу ишканаларды куруу боюнча суроолор талкууланды.

Тараптар 2020-жылы Согдий жана Баткен облустарында биргелешип ар түрдүү маданий, спорттук иш чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Жаныш Рустенбеков 2020-жылдын биринчи жарымында Баткен шаарында кыргыз-тажик туристтик бизнес форумун өткөрүүнү белгилеп, тажик тараптын аталган форумга активдүү катышарына ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM