Биз менен байланышыңыз

Баткен мамлекеттик университетинин ректоруна сөгүш берилди

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 798 | 0

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты. Мындай чара көрүүгө окуу жайдын имаратынын жылуулук системасынын иштебегени, студенттер үчүн жетиштүү шарттын түзүлбөгөнү, материалдык-техникалык базанын эскирип, талапка ылайык келтирилбегени себеп болдду.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Баткен мамлекеттик университетинин ишмердиги комиссия тарабынан текшерилген. Анын жыйынтыгында жогоруда келтирилген кемчиликтерден сырткары, окутуучулардын курамынын сапаты талапка жооп бербегени, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн AVN маалыматтык системасы толук киргизилбегени аныкталган.  Ошондой эле университетте күндүзгү формада окуган студенттердин контингенти сырттан окуган студенттердин санынан аз болгондугу аныкталган.

Белгилей кетсек, БатМУда 5 064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167. Университетке караштуу  кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1 771 студент билим алышат.

Copyright © 2017 Maral FM